Саламаттыкты сактоо министрлиги iLab жана «Иммунизация» деген эки маалыматтык системаны ишке киргизет

Саламаттыкты сактоо министрлиги iLab жана «Иммунизация» деген эки маалыматтык системаны ишке киргизет

Жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматтарды аралыктан кабыл алууга мүмкүндүк берген эки маалыматтык системаны ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, системалардын бири iLab деп аталып, ал жарандарга диагностикалык жана клиникалык изилдөөлөргө жөнөтүлгөн бардык лабораториялардагы тесттин жыйынтыгын аралыктан алууга мүмкүндүк берет. Февраль айынан бери жаңы системага 133 миңден ашык ар кандай лабораториялык изилдөөлөр киргизилген.

Ошондой эле жылдын аягына чейин “Иммунизация” системасын ишке киргизүү пландалууда. Ал чек арадан киргенден тартып, эмдөө пунктуна чейинки вакциналардын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

«Система ар бир кампадагы вакциналардын бар-жогуна, келип жаткан вакциналар үчүн бош орундун болушуна көз салууга, ошондой эле кийинки сатып алууларды жана жеткирүүлөрдү пландаштырууга мүмкүндүк берет», – деди Касымбеков.

Эске салсак, буга чейин министрлик коронавируска каршы вакцинанын 267.5 миң дозасын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жокко чыгарган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7