«Бишкек» ЭЭАнын директору Кудрет Тайчабаровдун Тойота Ланд Крузер унаасы менен iPhone 12 телефону талкууга түштү

«Бишкек» ЭЭАнын директору Кудрет Тайчабаровдун Тойота Ланд Крузер унаасы менен iPhone 12 телефону талкууга түштү

Акыркы убакта социалдык түйүндөрдө «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун атына байма-бай сындар айтылууда. Сындардын басымдуу бөлүгү “Бишкек” ЭЭАнын азыркы акыбалы кейиштүү абалга келгенине карабастан, анын башкы директору президент Садыр Жапаровго “таянып”, эркин аймактын ишмердүүлүгүн жогорулаткандын ордуна “люкс” унааларда жүрүп, социалдык түйүндөрдө аны сындагандар менен айтышып отурганы жөнүндө болууда.

  • Кудрет Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен “Бишкек” ЭЭАнын башкы директору болуп дайындалган.

“ПолитКлиника” маалыматтык порталы «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун кызматтык телефону тендерсиз алынганы чын (Фактчекинг) деген иликтөө макаласын чыгарды.

1-августта жарандык активист Атай Бейшенбек “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы директору Кудрет Тайчабаров ишкананын эсебинен 110 миң сомго уюлдук телефон (iPhone 12 Pro Max) жана 2 млн сомдон ашык каражатка автоунаа (Тойота Ланд Крузер 200) алганы тууралуу Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Ушул сыяктуу социалдык түйүндөрдөгү Тайчабаровго карата айтылган сындардын негизинде “ПолитКлиника” өзүнүн иликтөөсүн жүргүзгөн.

Тайчабаров өзү эмне дейт?

Аталган порталдын журналисттери Тайчабаровго блогерлердин билдирүүсү боюнча комментарий алуу үчүн байланышканда, ал сөз болуп жаткан уюлдук телефон тендерсиз алынганын тастыктаган.

Тайчабаров “Бишкек” ЭЭА мамлекеттик бюджетке кирбегендиктен, Бюджеттик кодекс аларга таасир этпей турганын кошумчалады. Андыктан буга чейинки сатып алуулардын көбү тендерсиз эле өтүп келген.

Ал эми блогерлер айтып жаткан автоунаа ишкананын эсебинен алынбаганын билдирди. Ал унаа “Бисталь” ишканасы ижара акысын төлөй албай калгандыктан, ЭЭАнын балансына өткөн

“Бир гана машина эмес, имараттарды дагы ошентип баалап, өткөрүп алабыз, эгер [ишкана] карызын төлөй албаса. Кээ бир субъекттер орноткон трансформатор, подстанция, колдонгон жабдыктарын өткөрүп беришет. Ал эми сот менен чечилсе, сот аткаруучу келип, баарын баалап өткөрүп берет. Бул мыйзамдуу эле нерсе”, — деген Тайчабаров.

Жыйынтыгында журналисттер “Бишкек” ЭЭАнын башкы директору Тайчабаровдун кызматтык телефону делген iPhone 12 Pro Max тендерсиз алынганы чын деген жыйынтыкка келишкен.

Кошумча окуңуз: Манас Мураталиев: “Бишкек” ЭЭАнын субъекттери импорттук товарлар менен атаандаша албай келет

Эркин экономикалык аймактар. Эмне үчүн Өзбекстан ийгиликке жетишти, Кыргызстан жетишкен жок?

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7