Бишкектеги бизнес-форумга Татарстан менен Башкортостандан бизнес өкүлдөрү келишти

Бишкектеги бизнес-форумга Татарстан менен Башкортостандан бизнес өкүлдөрү келишти

Кечээ, 2-августта Кыргызстанга Татарстан менен Башкортостандан бизнес-форумга катышуу үчүн бизнес делегация келди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Делегацияны ТР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шамил Агеев жана Башкортостандан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектейт. РФнын бизнес өкүлдөрү кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү табууга жана байланыш түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

“Делегациянын курамында курулуш материалдарын жана өнөр жай жабдууларын, эмеректерди, трикотаж буюмдарын, жумушчу кийимдерди, азык-түлүк чийки затын, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөр, ошондой эле эл аралык транспорт жана онлайн билим берүү компаниялары бар», – дейт КРнын Соода-өнөр жай палатасы.

Бүгүн КР Соода-өнөр жай палатасы россиялык жана ата мекендик ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өткөрүп, катышуучулар кызматташуунун шарттарын жана жолдорун түз талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, КР Соода-өнөр жай палатасы чет элдик конокторду Кыргызстандын ишканаларына алып барып, алардын иши менен тааныштырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7