КР манилүү долбоорлорду ишке ашырууда араб фонддорунун колдоосуна үмүттөнөт - Касымалиев

КР манилүү долбоорлорду ишке ашырууда араб фонддорунун колдоосуна үмүттөнөт - Касымалиев

Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 3-августта, Араб координациялык тобунун катышуусунда “4-тегерек стол” өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Топтун мүчөлөрү экономиканын түрдүү тармактарында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сунушталган кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бул жолугушуунун максаты бир катар маанилүү долбоорлорду араб фонддорунун өкүлдөрүнүн кароосуна алып чыгуу болуп санала тургандыгын айтты.

Ошондой эле минкаб саламаттыкты сактоо, билим берүү, ирригация, ипотекалык турак-жай куруу, транспорт жана байланыш сыяктуу тармактарга инвестиция тартуу милдети турганын билдирди.

«Министрлер кабинети Төртүнчү тегерек столдун оң натыйжаларына ишенет жана араб өнөктөштөрүнүн колдоосуна үмүттөнөрүн билдирет. Биз мындан ары да кызматташуунун мындай динамикасын колдоп, мындай иш-чараларды уюштуруу салтын улантарыбызга ишенем», – деди ал.

Араб координациялык тобу – Ислам Өнүктүрүү Банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду жана Абу-Дабини өнүктүрүү фондун камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7