Кыргызстанда бир жуманын ичинде беш жаңы акционердик коом пайда болду
Мамфиннадзор өткөн жумада (25-29-июль) беш компаниянын, анын ичинде «Кыргыз почтасы» ишканасынын акцияларынын эмиссиясын мамлекеттик каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Жеке эмиссиядагы акцияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим төмөнкү компанияларга карата кабыл алынган:
- «Кыргыз почтасы» ААК
- «Компания Аэростар» ААК
- «Технологическая компания Иссык-Куль» ААК
- «Ред Маунтинс» ААК
- «Наша победа» ЖАК
Economist.kg мурда маалымдагандай, «Кыргыз почтасы» ААКтын ээлик кылган акцияларын каттоо министрлер кабинетинин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» ишканасын 100% акциясы мамлекеттин менчигинде болгон ачык акционердик коом кылып кайра түзүү жөнүндө токтомунун алкагында жүргүзүлгөн.