Президент Алтынбек Жумаевди кызматынан бошотуп, өзүнө кеңешчи кылып дайындады
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жумаев буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп эмгектенип келген. Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, кызматынан алынып, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Алтынбек Жумаев 2010-жылдан кийин Жалал-Абаддагы “7-каналдын директору” болуп иштеп келген. Айрым маалыматтарга таянсак, Жумаев учурдагы УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин жакын адамы болуп саналат.