«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин уставдык капиталы дагы 7.1 млрд сомго көбөйтүлөт
«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталы (мамлекеттик үлүшү 100%) акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу 7.1 млрд сомго көбөйтүлөт. Мындай чечим 13-июлда компаниянын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.
КФБнын маалыматына таянсак, эмиссиянын көлөмү 71 млн жөнөкөй аталыштагы акцияны түзөт. Бир акциянын номиналдык баасы – 100 сом.
Учурда “Улуу көчмөндөр мурасынын” уставдык капиталы 900 млн сомду түзөт. Анын жалгыз акционери болуп Финансы министрлиги эсептелет.
Акциялардын кошумча эмиссиясын жайгаштыруу келишиминен кийин холдингдин уставдык капиталы 8 млрд сомго чейин көбөйөт.
Эске салсак, холдингдин баштапкы уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Кийинчерээк апрель айында холдингдин уставдык капиталы 800 млн сомго көбөйтүлгөн.