Бишкектин Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКнын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүүдө

Бишкектин Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКнын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүүдө

Учурда Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКсынын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Соттук териштирүүгө «Комтранском» ишканасынын көптөгөн мыйзам бузуулары жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу графиги бузулганы себеп болгон.

“Өз кезегинде “Комтранскомдун” өкүлдөрү техникалык көйгөйлөр жаралып, бүгүнкү күндө кырдаалды жөнгө салганын түшүндүрүштү. Октябрь районунда чогулган таштандылардын алуу иштери жүрүп жатат”, – дейт мэрия.

Эске салсак, 2016-жылы “Тазалык” ишканасы тарабынан жарыяланган пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунан катуу таштандыларды чыгаруу жеке компанияга өткөн. Пилоттук долбоордун жеңүүчүсү деп «Комтранском» ЖЧКсы таанылган.

Мындан тышкары, учурда Бишкек мэриясы катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо – Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

D Billions командасына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри тарабынан  сыйланды

D Billions командасына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри тарабынан сыйланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын креативдүү индустриясын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн D Billions креативдүү командасынын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Сыйлык тапшыруу учурунда министр команда мүчөлөрү менен баарлашып, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. D Billions — балдар үчүн

РФ президенти экономикалык кырдаал туруктуу сакталып тургандыгын түз эфирде билдирди

РФ президенти экономикалык кырдаал туруктуу сакталып тургандыгын түз эфирде билдирди

2025-жылдагы РФ президенти В.Путин менен түз байланыш 4 саат 27 мүнөткө созулуп, ал ЖМК тарабынан берилген 76 суроого жооп берүүгө жетишти. Анын жүрушундө, адаттагыдай эле баалардын деңгээли, салык системасындагы өзгөрүүлөр, чакан жана орто бизнести колдоо, жалпы экономика, “Владимир Путин менен жылдын жыйынтыгы” аттуу түз байланыштын негизги темасынын бири болду.

ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот

ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,2%га өскөнү Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) материалдарында айтылат. ЕӨБдүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда күчтүү инвестициялык жана керектөөчү суроо-талап экономиканын өсүшүнүн негизги таянычы бойдон калган. "Негизги капиталга инвестициялар жылдык эсеп менен 18,1%га,

Өткөн аптада жол эрежесин бузуу боюнча 20 295 факты катталды

Өткөн аптада жол эрежесин бузуу боюнча 20 295 факты катталды

15-декабрдан 21-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 295 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Анын ичинен: * тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 558; * мас абалында унаа башкаруу – 424; * унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 135; * жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 565; * унааны