Кара-Кече көмүр кенинин директорлугуна 33 жаштагы Азамат Караев дайындалды
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын директору болуп Азамат Караев дайындалганы кабарланды.
Аталган кызмат ордунда буга чейин директор болуп Болот Мухаммед уулу иштеп келген.
Караев 2015-жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Финансы жана бухгалтердик эсеп» бөлүмүндө башкы эсепчинин орун басары кызматына келип, «Кыргызкөмүр» МИнин Кара-Кече филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.