КР билим берүү тармагына Араб координациялык тобунан 75 млн доллар алат

КР билим берүү тармагына Араб координациялык тобунан 75 млн доллар алат

Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү кеңешмеси жыйынтыкталды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү ошондой эле министрлер кабинети тарабынан социалдык турак жай, транспорттук инфраструктура, суу менен камсыздоо жана канализация, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы сунушталган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин карап чыгып, талкууга алышты.

Кеңешмеде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк менен Араб координациялык тобу ортосундагы өнөктөштүктү мобилизациялоо демилгеси боюнча бет ачар  сунуштады. 

“Араб координациялык тобу 500 млн долларды мобилизациялады, ал билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк гранттары менен бириктирилет.

Жогорудагы макулдашууларга ылайык, КР бул тармакты өнүктүрүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн 15 млн долларлык гранттык каражаттары менен бирге Араб координациялык тобунан 60 млн доллар алууга укуктуу. Министрлер кабинети аталган программаны ишке ашырууга катышууга кызыкдар экендигин билдирди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

D Billions командасына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри тарабынан  сыйланды

D Billions командасына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри тарабынан сыйланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын креативдүү индустриясын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн D Billions креативдүү командасынын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Сыйлык тапшыруу учурунда министр команда мүчөлөрү менен баарлашып, алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. D Billions — балдар үчүн

В.Путин экономикалык кырдаал туруктуу экенин түз эфирде билдирди

В.Путин экономикалык кырдаал туруктуу экенин түз эфирде билдирди

2025-жылдагы Россия президенти В.Путин менен түз байланыш 4 саат 27 мүнөткө созулуп, ал ЖМК тарабынан берилген 76 суроого жооп берүүгө жетишти. Анын жүрүшүндө, адаттагыдай эле баалардын деңгээли, салык системасындагы өзгөрүүлөр, чакан жана орто бизнести колдоо, жалпы экономика, “Владимир Путин менен жылдын жыйынтыгы” аттуу түз байланыштын негизги темасынын бири болду.

ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот

ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,2%га өскөнү Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) материалдарында айтылат. ЕӨБдүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда күчтүү инвестициялык жана керектөөчү суроо-талап экономиканын өсүшүнүн негизги таянычы бойдон калган. "Негизги капиталга инвестициялар жылдык эсеп менен 18,1%га,

Өткөн аптада жол эрежесин бузуу боюнча 20 295 факты катталды

Өткөн аптада жол эрежесин бузуу боюнча 20 295 факты катталды

15-декабрдан 21-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 295 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Анын ичинен: * тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 558; * мас абалында унаа башкаруу – 424; * унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 135; * жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 565; * унааны