Улуттук банк жана комбанктар накталай доллардын жетишсиздигин жоюу үчүн болгон аракетин жумшап жатат - регулятор

Улуттук банк жана комбанктар накталай доллардын жетишсиздигин жоюу үчүн болгон аракетин жумшап жатат - регулятор

Улуттук банк Кыргызстандын ички рыногунда чет элдик валюталардын жетишсиздигин жоюу үчүн бир катар чараларды көрүп жатканын билдирди.

Акыркы мезгилде АКШ жана Евроаймактын борбордук банктары Россияга доллар жана евро банкнотторун берүүнү токтоткондугуна байланыштуу, алгач Россияда, андан кийин Казакстанда капиталды чыгарып кетүүгө чектөөлөр киргизилгенден кийин КРда нак чет өлкө валютасына болгон талап жогорулаган.

Улуттук банк кандай чара көрүүдө?

  • Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна жана микрофинансылык уюмдарга нак чет өлкө валютасын өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынган
  • Валютаны алып-сатарлыкка жана банктар менен алмашуу бюролору өз ара сүйлөшүп алуусуна жол бербөө үчүн, коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен алардын жүгүртүү каражаттарынын суммасынын чегинде операцияларды жүргүзүүсүнө чектөөлөр белгиленген
  • Регулятор лицензиясыз ишке бөгөт коюу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүүдө
  • 2022-жылдын башынан тартып 11 рейддик текшерүү жүргүзүлүп, 10 жеке адамга 175 миң сом суммасында административдик айып пул салынган
  • Телеграмм каналдары аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзгөн айрым жактардын иш-аракеттерин текшерүү тууралуу укук коргоо органдарына кат жөнөтүлгөн.

“Учурда валюта рыногундагы жагдай туруктуу, Улуттук банк күн сайын валюта рыногундагы жагдайга мониторинг жүргүзүп, алмашуу бюролорунун жетекчилери жана кызматкерлери арасында мыйзам талаптарын бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүп келет.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү коммерциялык банктар чет өлкөлөрдөн нак АКШ долларын алып келүү жолу менен алардын керектүү көлөмүн камсыз кылуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда бул иштер кошумча убакытты, анын ичинде нак чет өлкө валютасынын келип түшүүсү боюнча чет өлкө контрагенттери менен логистиканы жөнгө салуу жана уюштуруу маселелери дагы кошумча убакытты талап кылат”, – дейт Улуттук банк.

Ошондой эле, нак эмес чет өлкө валютасы менен операциялар жарандардын суроо-талабы боюнча каалаган көлөмдө жүргүзүлө тургандыгын регулятор кошумчалай кетти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7