Баалуу металлды, кара металлды, кагазды, катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Баалуу металлды, кара металлды, кагазды, катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинетинин чечими менен кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) ЕАЭБдин аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө тыюу салынды.

Токтом расмий жарыялангандан тартып жети күн өткөн соң күчүнө кирет.

Ошондой эле минкабдын башка чечими менен баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды 500 кг ашык эмес көлөмдө КРнын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө сандык чектөө киргизилди. 

Дагы бир чечимге ылайык, регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 

Андан тышкары, минкаб мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын КРнын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу киргизди. 

Мындан тышкары окуңуз

Финансы министрлиги жыл жыйынтыгы менен Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которот

Финансы министрлиги жыл жыйынтыгы менен Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которот

Финансы министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которууну пландап жатат (Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 млрд доллардан ашык). Такталган баа 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө катта келтирилген. Мыйзам долбооруна тиркелген 2-тиркемеге ылайык, бул каражаттар экономикалык классификация боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары

ЖЭАЭКте экономикалык турктуулуктун артыкчылыктуу багыттары энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздук экени айтылды

ЖЭАЭКте экономикалык турктуулуктун артыкчылыктуу багыттары энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздук экени айтылды

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында 2025-жыл Бирликтин экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга, ички рынокту чыңдоого жана кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жетишилгенин айтты. “Биздин Бирликтин алкагындагы экономикалык кызматташтык жөн гана өнүгүп жаткан жок – ал күч алды. Өз ара соода жүгүртүү дээрлик 100 млрд долларга жетти жана бул жөн

ЖЕАЭК жыйынында бир нече документтерге кол коюлду

ЖЕАЭК жыйынында бир нече документтерге кол коюлду

21-декабрда Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары: Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия бир нече документтерге кол коюшту. - “ЕАЭБ, анын мүчө-мамлекеттери менен Өзбекстандын ортосунда ЕАЭБ жана Өзбекстан бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу

Ак-Талаа районунда 220 бодо мал, 1500 кой, эчки бордой турган комплекс ачылды

Ак-Талаа районунда 220 бодо мал, 1500 кой, эчки бордой турган комплекс ачылды

Ак-Талаа районунда заманбап мал бордоо жана мал союу комплекси ишке берилгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган ишкана мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан ырааттуу агрардык саясаттын, ошондой эле жеке сектор менен мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу өнөктөштүктүн айкын мисалы болуп саналат. Мал бордоо комплекси 200 баш бодо