Кепилдик фонду 300 кепилдик берди - бул ишкерлерге 2.7 млрд сом насыя алууга мүмкүндүк түздү

Кепилдик фонду 300 кепилдик берди - бул ишкерлерге 2.7 млрд сом насыя алууга мүмкүндүк түздү

Быйыл Кепилдик фондунун колдоосу менен аймактарда бизнести өнүктүрүүгө 1.6 млрд сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы маалымдады.

«Кепилдик фонд» ААК кепилдиктерди берүү аркылуу ишкерлерге кредиттик ресурстарга жетүүдө колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди.

Үстүбүздөгү жылы 31-июлга карата ишкерлерге 710 млн сомдон ашык суммага 300дөн ашык кепилдиктер берилип, бул ишкерлерге дээрлик 2.7 млрд сом өлчөмүндө насыя алууга мүмкүндүк берген.

“Өлкөнүн аймактарында бизнести өнүктүрүүгө 269 кепилдик багытталган, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын 88%ын түздү. 480 млн сом суммасында берилген кепилдиктер ишкерлерге 1.6 млрд сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарды берди”, – деп айтылат маалыматта.

Бардык кепилдиктердин жарымынан көбү (57%) айыл чарба тармагында, айыл чарба продукциясын даярдоодо жана кайра иштетүүдө бизнести көрсөткөн ишкерлерге берилген.

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган кепилдиктердин суммасы 343 млн сомду түзүп, кредиттердин суммасы – 1.25 млрд сомго жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7