«Кадастр» МИнин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача тилкесине мамлекеттик актыны берүү үчүн кыргыз жараны К.П.К.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
28-июлда УКМКга К.П.К. аттуу кыргыз жараны арыз менен кайрылып, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн.
“3-августта «Кадастр» мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды”, – деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.