Ага Хан Фонду ирригация, жер айдоо жаатында сынак жарыялайт - байге беш орунга 10 миң доллардан
Ага Хан Фондунун “Жергиликтүү өнүгүү” долбоору климаттын өзгөрүүсүнө каршы туруктуулук тармагындасунуш-демилге темаларында сынак жарыялады. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
Фонддун берген маалыматына таянсак, эң мыкты 5 команда 10 миң долларга чейин ута алат.
Долбоордук сунуш-демилгенин темалары:
- Ирригациялык системаны жакшыртуу
- Жерди айдоодо инновациялык куралдар жана ыкмалар
- Импорттук химиялык материалдарды органикалык жер семирткичтерге, табигый пестициддерге алмаштыруу.
Конкруска катышуу үчүн толук маалыматты бул жерден алууга болот. Акыркы мөөнөт: 12 август 2022-ж. Суроолор боюнча: 0554 01 48 44