Бишкектин аярлуу катмардагы үй бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү

Бишкектин аярлуу катмардагы үй бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү

Бишкек шаарынын жакыр үй бүлөлөрүн жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында Эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырат.

“Өкмөттүн токтомуна ылайык, “Социалдык контракт” ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 282 млн сомдон Бишкекке 35 млн сом бөлүндү, бул каражат жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга көмөктөшө турган 350 бизнес долбоорду ишке киргизүүгө жумшалышы керек”, – деди министр.

Өз кезегинде Эмилбек Абдыкадыров райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары “Социалдык контракт” долбооруна катышуу боюнча жөлөк пул алуучулар үчүн консультацияларды өткөрүп жаткандыгын белгиледи.


Белгилей кетсек, «Социалдык контракт» долбоорунун алкагында пилоттук режимде Кадамжай районунда, Баткен облусунда (50) жана Нарын облусунун Жумгал районунда (50) социалдык жактан аялуу категориясына кирген 100 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндө гранттык каражаттар акысыз берилген.

2022-жылдын февраль айынан баштап долбоордун катышуучулары киреше алып келүүчү бизнес-пландарды ийгиликтүү ишке ашырышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7