Июль айында 4 миң адамга пенсия чектелди
Соцфонд 2022-жылдын январь-июль айларында 40 миң 960 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ошонун ичинде, бул жылдын июль айында 4163 жаранга пенсия чектелген.
“Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 867 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык, пенсиялар кайрадан эсептелинди”, – деп айтылат маалыматта.