«Манас» аэропортун тышкы башкарууга алууга Германия менен Түштүк Корея кызыкдар экенин билдиришти

«Манас» аэропортун тышкы башкарууга алууга Германия менен Түштүк Корея кызыкдар экенин билдиришти

“Манас” аэропортун тышкы башкарууга алууга Германия менен Түштүк Корея кызыкдар экенин билдиришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров билдирди.

Сабировдун айтымында, учурда ачык сынак өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Ага Германия, Түштүк Корея сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн компаниялар кызыкдар экенин билдирип, сунуштарын беришкен.

“Биз өкмөткө сунуштарды киргиздик. Эки этап менен ачык-айкын конкурсту өткөрөбүз. Бул боюнча президент менен сүйлөштүм. Ал киши ачык-айкын конкурс өткөрүп, татыктуу компания утсун деген тапшырма койду”, – деген Сабиров.

“Манас” аэропортун сырткы башкарууга берүү боюнча ачык сынакты сентябрда өткөрүү пландалууда.


Economist.kg мурда кабарлагандай, министрлер кабинети Түркиянын YDA Group компаниясы менен «Манас» жана «Ош» аэропортторун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Өнөктөштүктүн шарттарына ылайык, эки жылдын ичинде YDA Group 450 млн доллардан 1 млрд долларга чейин инвестиция салып, эки аэропортту толук реконструкциялоону ишке ашырышы керек болчу.

Бирок кийинчерээк минкаб Кыргызстан «Манас» жана «Ош» аэропортторун инвесторлорго тышкы башкарууга берүүдөн баш тартканын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7