МИК жана «Кыргызиндустрия» июль айында КФБнын соода көлөмүнүн үчтөн экисин камсыз кылды

МИК жана «Кыргызиндустрия» июль айында КФБнын соода көлөмүнүн үчтөн экисин камсыз кылды

Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) соода системасында июль айында жалпы көлөмү 1 млрд 196.5 млн сомду түзгөн 218 бүтүм катталган. Июнь айына салыштырмалуу сооданын көлөмү 2.4%га өскөн.

Бүтүмдөр негизинен корпоративдик баалуу кагаздар менен катталган.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын 12-жөнөкөй акцияларын (139.7 млн. сом) жана «Кыргызиндустрия» ААКтын 2- чыгарылышын (600 млн сом) жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн натыйжасында баштапкы рынок сооданын бир айдагы 62.4%ын ээлеген.

Мындан тышкары, эки бүтүм мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу секциясында жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, 15-июлда жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларынын соодасы бекитилген жана алардын көлөмү 1.5 млн сомду түзгөн. Мамлекеттик баалуу кагаздардын баасы 84.76 сом деңгээлинде белгиленген.

Биржада мамлекеттик кагаздардын бул түрү менен мурдагы бүтүмдөр март айында жүргүзүлүп, андан кийин мамлекеттик баалуу кагаздардын баасы 93.01 сом деңгээлинде белгиленген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7