«Таатан» соода борборундагы өрттөн 400 чарчы метр күйүп кетти
Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун аймагында курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
“Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 350-400 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, ИИМден 1 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тарабынан жеринде иш аткарылган”, – деди ӨКМ.
8-августтан 9-августка караган сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Алар: Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.


