«Асман» шаары курулуучу аймак аныкталды
Министрлер кабинети “Асман” шаарынын курулуучу ордун аныктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 4-августтагы токтомунда айтылат.
Буга чейин маалым болгондой, инвестиция тартуу жана туризмди өнүктүрүү максатында экологиялык таза “Асман” шаарын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынган.
«Асман» шаары Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында курулары аныкталды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.