Август айында Спорт сарайында бал жарманкеси өтөт
12-августта Спорт сарайында бал жарманкеси башталат. Бул тууралуу бал өндүрүүчүлөр кабарлады.
Бал жарманкеси 12-августтан 22-августка чейин созулат жана ага ата мекендик мыкты балчылар катышары айтылууда.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Кыргызстан 443 тонна бал экспорттогон. Ал эми республика боюнча бир кишиге балдын жылдык керектөөсү 0.4 килограммдан туура келет.