Бишкек мэриясы Өзбекстанда жасалган коммуналдык жабдууларды сатып алууну кароодо
Ташкентте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын форумуна Кыргызстандын делегациясы катышты. Бул тууралуу кечээ, 9-августта Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгы Өзбекстандын Анжиян облусу жана Zarbuloq Injiniring менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Белгилей кетсек, бул компания ирригациялык курулуштарды куруу, анын ичинде долбоорлоо, жабдууларды жана материалдарды жеткирүү, монтаждоо жана ишке киргизүү менен алектенет.
Делегациянын мүчөлөрү Ташкенттеги ар түрдүү атайын машиналарды чыгаруучу «Крантас» заводунда да болушту. Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү муниципалдык техникаларды сатып алуу каалоолорун билдирип, меморандумга кол коюшту.




