Epic Games компаниясынын өкүлү КРнын Жогорку технологиялар паркы менен таанышты

Epic Games компаниясынын өкүлү КРнын Жогорку технологиялар паркы менен таанышты

4-августта Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) директору Чубак Темиров Epic Games компаниясынын коммьюнити менеджери Андрей Дронин менен жолукканын парктын маалымат кызматы билдирди.

“Биз өз ара байланыштарыбызды жемиштүү талкууладык, паркты көрсөттүк, эми Андрейдин жардамы менен Кыргызстанга көбүрөөк релоканттарды, анын ичинде GameDev компанияларын тартабыз деген ишеничтебиз”, – деди Темиров.

Epic Games — видео оюндар жана программалык камсыздоо менен алектенген америкалык компания. Башкы кеңсеси Түндүк Каролина штатынын Кэри шаарында жайгашкан. Компания Gears of War, Unreal Tournament жана Fortnite оюндар сериялары, ошондой эле Unreal Engine оюн кыймылдаткычтарынын жаратуучусу катары белгилүү. Компаниянын Кореяда, Шанхайда, Японияда өзүнүн студиялары бар.

Компаниянын өздүк капиталы – 9 млрд долларды, ал эми таза кирешеси – 3 млрд долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7