Германия КРдагы эмгек рыногунун маалыматтык системасын кеңейтүүгө 11 млн сомдук компьютердик жабдууларды берди

Германия КРдагы эмгек рыногунун маалыматтык системасын кеңейтүүгө 11 млн сомдук компьютердик жабдууларды берди

Германия берген 11 млн сом өлчөмүндөгү IT жабдуулары эмгек рыногунун маалыматтык тутумун кеңейтүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү үчүн региондук иш менен камсыз кылуу кызматтарына жөнөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев билдиргенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жабдуулар Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому (GIZ) тарабынан “Ишке орноштурууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында берилген.

Шаардык жана райондук иш менен камсыз кылуу кызматтары видео конференциялык байланыш тутумдарын, ноутбуктарды, принтерлерди, чоң экрандарды, кеңсе техникаларын камтыган 300дөн ашык жабдыктарын алышат.

“Министрлик жарандардын ар кандай категориялары үчүн окуу курстарын, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу мониторингин камтыган санариптик платформаны иштеп чыгууда. Жаңы система эмгек рыногунун маалыматтык тутумунун функцияларын дагы кеңейтет. Системаны пилоттук түрүндө иштетүү үчүн 30 райондо жүргүзүлөт, алынган жабдуулар ишти натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берет”, – деди министр.

Азыркы учурда “Жаштар стажировкасы” аттуу жаңы аспапты, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуунун келечегин жакшыртууга багытталган аспапты пилоттоо ишке киргизилди.

Базарбаевдин айтымында, Германия менен кызматташуу бул долбоор менен гана чектелбейт.

“Биз Германиянын профилдик министрлигине кызматташтык жөнүндө меморандум жөнөттүк, бул биздин өз ара аракеттешүүбүздү системалуу жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет. Ушул жылы Эмгек министрлиги тарабынан 300 кыргызстандык “медайымдык иш” адистиги боюнча мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Германияга барат. Иш бүткөндөн кийин алар Кыргызстанга жаңы билим, жаңы тажрыйба алып келишет”, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7