«Комтранском» ЖЧК таштандыларды чыгаруу боюнча өз ишин мыкты аткарган эмес - 78 миң сом айып салынды

«Комтранском» ЖЧК таштандыларды чыгаруу боюнча өз ишин мыкты аткарган эмес - 78 миң сом айып салынды

Муниципалдык инспекция “Комтранскомго” 78 миң сом айып салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Октябрь районун тейлеген «Комтранском» ЖЧКсына “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 114-беренесине ылайык, 78 миң сом айып салынды.

Текшерүү учурунда инспекторлор тарабынан таштандыга толгон  6 таштанды аянтчасы аныкталган. Бул фактылардын негизинде жогоруда аталган  ишканага карата протоколдор түзүлдү.

Ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууну четке кагып жаткандыктан, акыркы чечим чыгаруу үчүн иш административдик комиссияга өткөрүлүп берилген.


Economist.kg мурда маалымдагандай, Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКсынын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан.

Соттук териштирүүгө «Комтранском» ишканасынын көптөгөн мыйзам бузуулары жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу графиги бузулганы себеп болгон.

Эске салсак, 2016-жылы «Тазалык» ишканасы тарабынан жарыяланган пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунан катуу таштандыларды чыгаруу жеке компанияга өткөн. Пилоттук долбоордун жеңүүчүсү деп «Комтранском» ЖЧКсы таанылган.

Мындан тышкары, учурда Бишкек мэриясы катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо – Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россияга достук мамиледеги өлкөлөрдүн банктары россиялыктардын эсептери боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп, айрым операцияларды убактылуу токтото баштаганын "РБК" эл аралык бизнес боюнча юристтерге жана консультанттарга шилтеме берүү менен жазды. Маалыматка ылайык, Армения менен Сербия банктары Россиянын жарандарынын операцияларын катуураак текшере баштаган. Мындан тышкары, Тажикстан, Казакстан жана Омандын банктарында да комплаенс-текшерүүлөр

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Эң ири суу кризисине туш болгон Ирак суу ресурстары тармагында Түркия менен кеңири кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти. Буга кургакчылык, климаттын өзгөрүшү, дарыялардын жогорку агымында курулган плотиналар жана инфраструктурадагы узакка созулган көйгөйлөрдүн фонунда Тигр жана Евфрат дарыяларынын кескин тайыздап кетиши себеп болду. Ирактын маалыматы боюнча, өлкөнүн суу ресурстарынын болжол менен 60%

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

2025-жылы Ички иштер министрлиги ички иштер органдарын заманбап техникалар менен камсыздоо багытында маанилүү кадам жасаганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өлкө боюнча быйыл ички иштер органдарына жалпы 600 ашык жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды. Бул автоунаалар заманбап техникалык талаптарга толук жооп

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

"Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат формасында жасалган эң чоң камыр үй Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Аны Голливудда (Лос-Анжелес) куруп чыгышкан. Долбоор Disney+ жана Hulu сервистери тарабынан тасманын 35 жылдыгына карата ишке ашырылган. Курулуштун көлөмү болжол менен 8 метр бийиктикте жана 20 метр узундукта. Үйдү курууга сегиз күн кетип, 4