«Сбербанк» Кыргызстанга акча которууда алынуучу комиссияны жокко чыгарды

«Сбербанк» Кыргызстанга акча которууда алынуучу комиссияны жокко чыгарды

“Сбербанк” Кыргызстан менен Өзбекстанга акча которууда комиссияны жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.

1-августтан баштап банктын кардарлары Кыргызстан менен Өзбекстандагы туугандарына жана жакындарына орус рублин комиссиясыз которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

“Кызмат “СберБанк Online” тиркемесинде телефон номери боюнча жергиликтүү банктардын карталарына которууда жеткиликтүү”, – деп билдирди банктын маалымат кызматы.

Учурда Кыргызстанда сервистер “Бакай Банк”, FINCA Банк, “МБанк”, “Керемет Банк”, “Компаньон Банк”, ошондой эле “ЭЛСОМ” ​​жана “О! Акчада” бар.

Ошондой эле банктан “СберБанк Online” мобилдик тиркемеси аркылуу КМШнын башка өлкөлөрүнө 1% комиссия менен акча которууларды жүргүзүүгө болорун кошумчалашты.

«Россиядан коңшу өлкөлөргө акча которууда суроо-талаптын өсүп жатканын эске алып, биз Өзбекстандын жана Кыргызстандын финансы институттары менен Россиядан комиссиясыз которуу мүмкүнчүлүгү боюнча макулдашууга жетиштик. Телефон номери боюнча которуу кызматы чоң суроо-талапка ээ жана кардарларга акча каражаттарын тез жана коопсуз которуу жагат. Өз жарандары үчүн нөлдүк төлөм которуу кызматын көрсөтүүгө даярдыгы Өзбекстандан жана Кыргызстандан тышкары жерлерде да суроо-талапка ээ болот деп ишенем», – деди “Сбербанктын” төлөмдөр жана которуулар бөлүмүнүн директору Леонид Шныр.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7