Улуттук банк дагы бир акча алмаштыруу жайына айып пул салды
КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн дагы бир акча алмаштыруу жайына 55 миң сом айып салынды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.
Улуттук банк айып салынган акча алмаштыруу жайынын аталышын жана дарегин маалымдаган жок.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери көзөмөл органы тарабынан 89 акча алмаштыруучу жайга текшерүү жүргүзүлгөн. 17 алмашуу бюросуна жана 14 жеке адамга жалпысынан 1 млн 180 миң сом айып салынган.