Бишкек шаарында муниципалдык мүлктүн онлайн аукциону кайрадан башталат
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык мүлктү ижарага берүүгө электрондук аукционду баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Борбор калаада соода аянтында жайгашкан объекттилерге аукцион старт алды. Толук маалыматты ар бир лоттко басып тактаса болот. Бул аянтчаны төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын орнотуу, чакан жайлар, андан тышкары, ашкана, дарыкана жана башка кеңселер үчүн пайдаланса болот.
“Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өтүүчү аукционго катышууга чакырабыз жана сиз коррупциялык тобокелдиктерсиз жана тааныштарыңызды жана досторуңузду издебестен мүлктү толугу менен ижарага ала аласыз”, – деп билдиришти мэриядан.