Өткөн жылга салыштырмалуу дизель майы 21 сомго кымбаттады
Август айында дизель майынын орточо баасы 70.9 сомду түзүп, былтыркы орточо баадан 21 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Июль айында дизелдин орточо баасы 67.7 сомду түздү.
Эң кымбат күйүүчү май Баткен облусунун Раззаков шаарында (Исфана) байкалган жана ал 75.9 сом болду. Эң арзан баа Ноокат шаарында белгиленип, ал 67.7 сомду түзгөн.
Бишкек жана Ош шаарларында баалар 70 сом жана 73.5 сомдун тегерегинде сакталууда.