1.1 млрд доллардык 19 тонна алтынды Улуттук банк «Европа өлкөлөрүнүн бирине» саткан
Улуттук банк Кыргызстандан былтыр 1.1 млрд долларлык 19.2 тонна алтындын “аныкталбаган өлкөгө” экспорттолушу тууралуу маалыматка өз комментарийин берди.
2021-жылы Кыргызстандан чет өлкөлөргө рекорддук көлөмдө 24.8 тонна алтын экспорттолгондугу, анын ичинен 1.1 млрд доллардык 19.2 тонна алтын “аныкталбаган өлкөгө” жеткирилгендиги тууралуу “Азаттык” жазып чыккан. Бийлик өлкөнүн жалпы экспортунун 40% түзгөн рекорддук көлөмдөгү алтын кимге сатылганы тууралуу маалыматты жашырган.
Улуттук банк эл аралык практикада алтын-валюта камдары менен операциялар боюнча маалыматтар купуя маалымат катары эсептелерин, бул коопсуздук принцибин сактоо зарылчылыгы менен шартталгандыгын белгилеп жооп берди.
«Улутстатком көрсөткөн маалымат КР Улуттук банкынын 2021-жылдын башында акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкөлүк валютадагы ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында алтынды Европа өлкөлөрүнүн бирине жеткирүү боюнча жүргүзгөн операцияларын чагылдырат.
Алтынды тышкы рынокко сатуудан түшкөн валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине которулган. Кийинчерээк бул каражаттар 2021-жылы өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн долларга жакын), өлкөнүн тышкы карызын жана чет өлкөлүк валютадагы башка милдеттенмелерди жабууга (200 млн долларга жакын) жумшалган. Ошондой эле 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык резервдердин деңгээли 169.5 млн долларга же 6%га көбөйүп, 2 млрд 977.6 млн долларды түздү», – деп билдирди регулятор.