"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда кыз-келиндердин ишкердигин колдоо боюнча насаатчылык программага катышуучуларды кабыл алуу башталды. Мурдагы жылдардагыдай эле ишкер айымдар тажрыйбалуу насаатчылар менен бирге өз бизнестерин өнүктүрө алышат.

Программага катышуу акысыз. Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) FINCA банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи, мааракелик сезонуна арыздарды кабыл алуу башталды. Программа кыз-келиндердин ишкердигин колдоого жана экономикадагы лидер-аялдардын ролун күчөтүүгө багытталат.

Бешинчи сезон эксклюзивдүү болмокчу. Ага - FINCA банктын бенефициарлары – бизнести билген же аны башкарган жана банк менен кредиттик линия боюнча кызматташкан  кыз-келиндер катышат. Ошондой эле программага чакан жана орто бизнести жүргүзүү боюнча кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алат. Жети ай бою алар насаатчылар менен чогуу иштеп, компанияларын өнүктүрүп жана бекемдеше алышат.

Насаатчы катары өз билимдери жана тажрыйбаларын шакирттерге бекер бөлүшүүгө жана программанын бардык этаптарында аларга колдоо көрсөтүүгө даяр болгон тажрыйбалуу ишкерлер чыгышат. Насаатчы жана шакирт үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Анкеталарды 2026-жылдын 2-мартына чейин толтурууга болот.

Демилгенин алкагында онлайн жана оффлайн тренингдер, кросс-насаатчылык сессиялар, эртең мененки бизнес тамактануу, ири өндүрүштүк ишканаларга экскурсиялар жана мониторингдик сапарлар болуп өтөт. Программа бизнес жана каржылык башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана пайдалуу ишкердик байланышты түзүүгө жардам берет.

Насаатчылык программа Кыргызстанда 2019-жылдан бери, финансылык кызматтын алкагында, ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» кредиттик линиясы боюнча, ишкер аялдар үчүн Финансылык демилгенин (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн чакан бизнеске таасир этүүчү Фонду (Ирландия, Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБдүн Бизнес-фонд техникалык кызматташтыгы, Бириккен Королдук жана АКШ) аркылуу ишке ашырылууда.

Бул иш башталгандан бери катышуучулар 320 ашуун жаңы жумуш орундарын түзүштү. Өткөн сезондо ишкер айымдардын 60% жаңы рынокторго чыгышты, 66% кирешесин көбөйттү, 86% бренддин таанымалдыгын жогорулатып, баары жеке өсүштөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media