Кыргызстандын банктары жана Улуттук банк валюталык операциялардан көп киреше алышты - Улутстатком

Кыргызстандын банктары жана Улуттук банк валюталык операциялардан көп киреше алышты - Улутстатком

Кыргызстандын финансы секторундагы уюмдардын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-июнь айларында 46.1 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге өскөн. Бул сектордун кирешелеринин өсүшү негизинен банк сектору менен байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта, Улутстатком билдирди.

Финансы секторунун уюмдарынын чыгашалары ушул эле мезгилде 27.7 млрд сомду түзүп, 37%га өскөн.

Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын финансы тармагында 594 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана 14 камсыздандыруу компаниясы иштеген.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 66%ы киреше алып, 13.5%ы чыгашага учураган. Балансталган финансылык натыйжа 18.4 млрд сом өлчөмүндө пайда түзүлдү, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.8 эсеге (8.2 млрд сомго) көп.

Кирешенин өсүшү коммерциялык банктардын (6.5 млрд сомго) жана Улуттук банктын (1.7 млрд сомго) эсебинен камсыз кылынган. Бул алардын валюталык операциялардан түшкөн кирешесинин көбөйүшү менен шартталган.

Мындан тышкары окуңуз

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россиялыктардын банк операцияларына көзөмөл күчөдү

Россияга достук мамиледеги өлкөлөрдүн банктары россиялыктардын эсептери боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп, айрым операцияларды убактылуу токтото баштаганын "РБК" эл аралык бизнес боюнча юристтерге жана консультанттарга шилтеме берүү менен жазды. Маалыматка ылайык, Армения менен Сербия банктары Россиянын жарандарынын операцияларын катуураак текшере баштаган. Мындан тышкары, Тажикстан, Казакстан жана Омандын банктарында да комплаенс-текшерүүлөр

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Эң ири суу кризисине туш болгон Ирак суу ресурстары тармагында Түркия менен кеңири кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти. Буга кургакчылык, климаттын өзгөрүшү, дарыялардын жогорку агымында курулган плотиналар жана инфраструктурадагы узакка созулган көйгөйлөрдүн фонунда Тигр жана Евфрат дарыяларынын кескин тайыздап кетиши себеп болду. Ирактын маалыматы боюнча, өлкөнүн суу ресурстарынын болжол менен 60%

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

Быйыл ИИМ органдарына жалпы 600дөн ашык кызматтык унаалар берилди

2025-жылы Ички иштер министрлиги ички иштер органдарын заманбап техникалар менен камсыздоо багытында маанилүү кадам жасаганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өлкө боюнча быйыл ички иштер органдарына жалпы 600 ашык жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, милициянын материалдык-техникалык базасы мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаңыланды. Бул автоунаалар заманбап техникалык талаптарга толук жооп

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

Таттуу печеньеден "Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат жасалды

"Үйдө жалгыз" тасмасындагы имарат формасында жасалган эң чоң камыр үй Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Аны Голливудда (Лос-Анжелес) куруп чыгышкан. Долбоор Disney+ жана Hulu сервистери тарабынан тасманын 35 жылдыгына карата ишке ашырылган. Курулуштун көлөмү болжол менен 8 метр бийиктикте жана 20 метр узундукта. Үйдү курууга сегиз күн кетип, 4