«Кумтөрдө» тышкы башкаруу режими токтотулду

«Кумтөрдө» тышкы башкаруу режими токтотулду

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровдун 23-августта чыккан тескемеси менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, жалгыз аткаруу органы же коллегиялуу аткаруу органынын жетекчиси шайланган күндөн тартып, министрлер кабинетинин буйругу менен мурда киргизилген тышкы башкаруу тартиби токтотулду.

Ошондой эле, бул тескемеге жараша, “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” улуттук холдинг компаниясы жана Теңиз Бөлтүрүк эки жуманын ичинде минкабга “КГК” компаниясын убактылуу сырткы башкаруунун бүткүл мезгилиндеги өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө корутунду отчет берүүгө милдеттүү.

Буйруктун үчүнчү бөлүгүндө Экономика министрлиги, Финансы министрлиги, “Кыргызалтын” ААКсы жана “УМК” ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн деп жазылган.

Эске салсак, тышкы башкаруу 2021-жылдын 17-майында киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылга карата региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында улуттук жана аймактык программаларды ишке

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

15-февралда Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү администрациялар жана базарлардын жетекчилиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы базарларда түшүндүрүү рейддерин өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 31-январынан тарта уй жана кой этинин (сөөксүз эттен башка) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенине байланыштуу уюштурулган. Маалыматка ылайык, мониторинг Аламедин, Ош

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда кыз-келиндердин ишкердигин колдоо боюнча насаатчылык программага катышуучуларды кабыл алуу башталды. Мурдагы жылдардагыдай эле ишкер айымдар тажрыйбалуу насаатчылар менен бирге өз бизнестерин өнүктүрө алышат. Программага катышуу акысыз. Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) FINCA банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи, мааракелик сезонуна арыздарды кабыл

Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Астана шаарындагы субрегионалдык кеңсесинде өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарада аймактагы эпизоотиялык абал, өзгөчө кооптуу жаныбарлардын