«Мамлекеттик ипотекалык компания» аймактардын тургундары үчүн «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча өзүнчө кезек ачты

«Мамлекеттик ипотекалык компания» аймактардын тургундары үчүн «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча өзүнчө кезек ачты

Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы (МИК) аймактардын тургундары үчүн «Жеңилдетилген ипотека» багыты боюнча ипотекалык кредиттерди берүү үчүн квота киргизип, аларга өзүнчө кезек ачты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Компания “Жеңилдетилген ипотека” (Льготная ипотека) багыты боюнча жалпы тизменин тартибин сактоо менен, “Менин үйүм 2021-2026” программасынын аймактардагы катышуучулары эми өзүнчө кезекке тургузулгандыгын билдирди.

Банктарда каржылоо үчүн электрондук кезекке коюлган турак жай Программасынын аймактык катышуучулары аталган тизме менен компаниянын сайтына кирип, таанышса болот. 

“ӨЛКӨНҮН АЙМАКТАРЫНДА “ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ИПОТЕКА” багыты боюнча тизмеге өткөрүлгөн турак жай Программасынын катышуучуларына жакын арада “Сизге турак жай издөө жана Банкка документтерди тапшыруу үчүн 20 күн убакыт берилди” деген СМС-кабар келет“, – деп билдирди МИК.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты

Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада ал Италия, Хорватия, Сербия, АКШ жана Европа Биримдигинин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары — санкциялар жаатындагы кызматташтык жана

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылга карата региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында улуттук жана аймактык программаларды ишке

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

15-февралда Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү администрациялар жана базарлардын жетекчилиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы базарларда түшүндүрүү рейддерин өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 31-январынан тарта уй жана кой этинин (сөөксүз эттен башка) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенине байланыштуу уюштурулган. Маалыматка ылайык, мониторинг Аламедин, Ош

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда кыз-келиндердин ишкердигин колдоо боюнча насаатчылык программага катышуучуларды кабыл алуу башталды. Мурдагы жылдардагыдай эле ишкер айымдар тажрыйбалуу насаатчылар менен бирге өз бизнестерин өнүктүрө алышат. Программага катышуу акысыз. Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) FINCA банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи, мааракелик сезонуна арыздарды кабыл