Мамлекеттин кепилдиги менен айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына быйыл 1.25 млрд сом насыя берилди
Быйылкы жылдын жети айында “Кепилдик фондунун” мамлекеттик кепилдиги астында банктар айыл чарбасына жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 1.25 млрд сомдон ашык насыя беришти. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.
30-июлга карата «Кепилдик фонд» ААКнын кызматын өлкөдөгү 300дөн ашык ишкер колдонду, анын 88%ын аймактардагы бизнес өкүлдөрү түзөт.
710 млн сомдон ашык суммага кепилдик колдоо менен жалпы суммасы 2.7 млрд сомдук кредиттерди алууга мүмкүнчүлүк берилген.
7 айдын жыйынтыгы боюнча, айыл чарбасына жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген кепилдиктердин суммасы кепилдиктердин жалпы суммасынын 46%ын түзүп, 343 млн сомго жеткен. Бул тармактарга берилген кредиттердин көлөмү 1.25 млрд сомдон ашыкты түздү.
Кызмат көрсөтүү, курулуш жана соода чөйрөсүндөгү кепилдиктер менен камсыздалган 1.13 млрд сомдук кредиттер насыялардын жалпы көлөмүнүн 42%ын түздү.
312 млн сомдук көрсөткүч менен 12%ды түзгөн кредиттердин калган бөлүгү өнөр жайды, транспортту жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө алынган.