МСК 1-октябрда лотереянын 2-утушун өткөрөт

МСК 1-октябрда лотереянын 2-утушун өткөрөт

1-октябрда лотереянын 2-утушу болот. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, МСК ушул жылдын 10-майынан тартып “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрүүдө. Учурда 110 миңден ашуун кыргызстандыктар лотереяга катышууда.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучулары 7.8 млрд сомдон ашуун суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүшүп, 7.7 миллиондон ашык лотереялык ID-белеттерин алышкан, алардын ар бири алдыдагы баалуу байгелерди ойнотууга катышат.

Утуштарды өткөрүү мөөнөтү

Лотерея Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп, 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Лотереянын экинчи утушу 2022-жылдын 1-октябрында өтөт, ал эми үчүнчү жыйынтыктоочу утуш – ушул жылдын 31-декабрында болот.

Эске салсак, биринчи утуш 1-июлда болуп өткөн. 

Кандай байгелер ойнотулат?

  • Экинчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.
  • Үчүнчү, акыркы утушта Бишкектеги бир бөлмөлүү батир, 1 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 10 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер өз ээлерин күтөт.

Жеңүүчү номерлерди тандоо лотереянын автоматташтырылган системасы тарабынан сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) аркылуу түз эфирде жүргүзүлөт.

Кантип катышууга болот?

Лотереяга катышуу үчүн:

  • Google play же AppStore аркылуу “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек
  • товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу зарыл
  • Алынган кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемедеги сканерден өткөрүү зарыл
  • Сканерленген кассалык чектердин ар бир топтолгон суммасына (1 000 сом) система 1 уникалдуу ID номерин ыйгарат.

Система сканерленген чектерди текшерет

Лотереяга катышуу үчүн сканерленген кассалык чектер 72 сааттык текшерүүдөн өтөт.

Ошол эле учурда, система кассалык чекти кабыл албаса дагы, издөө тутуму аны Салык кызматынын базасынан 30 күндүн ичинде издейт.

Белгиленген убакыттан кийин Салык кызматынын серверине келип түшкөн кассалык чектер система тарабынан кабыл алынат жана андан ары аларга ID номерлер ыйгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылга карата региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында улуттук жана аймактык программаларды ишке

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

15-февралда Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү администрациялар жана базарлардын жетекчилиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы базарларда түшүндүрүү рейддерин өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 31-январынан тарта уй жана кой этинин (сөөксүз эттен башка) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенине байланыштуу уюштурулган. Маалыматка ылайык, мониторинг Аламедин, Ош

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

"Бизнестеги айымдар" насаатчылык программасына катышуучуларды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда кыз-келиндердин ишкердигин колдоо боюнча насаатчылык программага катышуучуларды кабыл алуу башталды. Мурдагы жылдардагыдай эле ишкер айымдар тажрыйбалуу насаатчылар менен бирге өз бизнестерин өнүктүрө алышат. Программага катышуу акысыз. Кыргызстанда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) FINCA банкы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын бешинчи, мааракелик сезонуна арыздарды кабыл

Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Борбор Азияда ветеринарлар жугуштуу оорулардын алдын алууну талкуулашты

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) Астана шаарындагы субрегионалдык кеңсесинде өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ветеринардык кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарада аймактагы эпизоотиялык абал, өзгөчө кооптуу жаныбарлардын