Августта инфляция 15.4%ды түздү - июль айында эле 13.8% болчу

Августта инфляция 15.4%ды түздү - июль айында эле 13.8% болчу

Август айында инфляция 15.4%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

“Өтүп жаткан жылдын август айында инфляция 15.4%ды түздү (июль айында – 13.8%). Учурдагы жылдын жай айында сезондук дефляциянын жок болушу сакталып турган инфляциялык басымдын негизги көрсөткүчү болуп саналат”, – дейт башкы банк.

Геосаясий белгисиздик менен чогуу дүйнөлүк инфляциянын жогорку деңгээлде сакталышы КРнын экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизген олуттуу факторлордон бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банк экономикада инфляциялык процесстерди чектөө жана тышкы экономикалык чөйрөдөгү тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантаарын билдирди.

Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары 2022-жылдын аягында КРда инфляциянын деңгээли 15.3%га жетет деп болжолдошкон эле. Ал эми буга чейин Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция 15.5%дын тегерегинде болорун божомолдогон болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Транспорт жана коммуникациялар

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда 2025-жылдын төртүнчү кварталында мигранттардын 35%дан ашыгы орус тили боюнча экзаменди биринчи аракетинде тапшыра албагандыгын өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, октябрь–декабрь айларында Россиянын тарыхы жана мыйзамдардын негиздери боюнча экзаменди 201 миң 675 адам тапшырган. Алардын ичинен 87,9%ы экзаменден

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Жакынкы убакта Кыргызстанда тез төлөмдөр системасы ишке киргизилерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурган ишкердик жолугушууда Улуттук банк төрагасынын орун басары Медет Таиров билдирди. Анын айтымында, учурда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. "Тез төлөмдөр системасы ар кайсы банктардын кардарларынын эсептеринин ортосунда каражатты заматта которууга мүмкүнчүлүк берет.

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытай өкмөтү технологиялык компанияларга жана электрондук соода платформаларына агрессивдүү баа согуштарынан жана ашыкча субсидиялардан баш тартууну сунуштаганын чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты. Сөз рыноктогу ири оюнчулар тууралуу болууда, алардын катарында Alibaba Group (AliExpress платформасынын ээси жана Qwen аттуу ИИ-моделдин иштеп чыгуучусу), Baidu жана ыкчам соода кызматтары, анын ичинде Taobaoнун Flash