Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 млн сом жумшайт
Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 млн сом сарпталат. Бул тууралуу “Азаттык” Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Каражат үн техникаларын, декорацияларды, реквизиттерди, транспортту ижарага алуу, чыгармачыл өндүрүштүк топту жалдоо жана 20 биотуалетти орнотууга жумшалат.
Муниципалитет эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салтанаттын биринчи бөлүгү Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп, анда жарандарга мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда театралдаштырылган программа тартууланарын билдирди.
31-август күнү кечинде саат 19:30да Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт башталып, жергиликтүү артисттер өз өнөрлөрүн тартуулашат. Быйыл фейерверк атылбай турганын мэрия «айлана-чөйрөнү коргоо максатында» болгону менен түшүндүрдү.