«Бишкек жылуулук тармагы» ААК жана «Түндүк электр» ААК Кыргыз фондулук биржасынын листингинен чыкты
«Бишкек жылуулук тармагы» ААК жана «Түндүк электр» ААК Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) тизмесинен чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта КФБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, листингден чыгуу чечими компаниялардын кайра түзүү процедураларына байланыштуу болгон.
«Бишкек жылуулук тармагы» ААК 2012-жылдын март айында Кыргыз фондулук биржасынын листингине киргизилген, акыркы бүтүм 0.49 сом баасы менен жүргүзүлүп, капиталдаштыруу 473 млн сомду, баалуу кагаздардын саны 965 млн даананы түзгөн.
“Түндүк электр” ААК 2010-жылдын ноябрь айында Кыргыз фондулук биржасынын листингине киргизилген, акыркы бүтүмдүн акциясынын баасы 0.22 сомду, капиталдаштыруу 216 млн сомду, баалуу кагаздардын саны 965 млн даананы түзгөн.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-мартындагы акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасын «Электр станциялары» ААКсына кошуу чечими кабыл алынган болчу.
Ошондой эле “Түндүк электр” ААКты дагы башка энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар сыяктуу эле «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» (КУЭТ) акционердик коомуна кошуу чечими кабыл алынган.