Быйыл жети айда экономиканын өсүш арымы 7.7%ды түздү
2022-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш арымы 7.7%ды түздү. Мындай маалымат Улуттук банктын эсептик ченди 14% деңгээлинде сактап калуу чечими тууралуу билдирүүсүндө айтылат.
Бирок Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда бул өсүү – 4.7%ды гана түзөт.
Сектор боюнча кыйла көбүрөөк өсүштү өнөр жай тармагы, кызмат көрсөтүү чөйрөсү жана айыл чарба тармагы көрсөткөн.