Экономика министрлиги Ишкерлерди тейлөө борборуна кайрылуу боюнча нускама даярдады

Экономика министрлиги Ишкерлерди тейлөө борборуна кайрылуу боюнча нускама даярдады

Экономика жана коммерция министрлигинде Ишкерлерди тейлөө борборуна кайрылуу боюнча нускама даярдалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүүчү уникалдуу документ башка колдонмолор менен бирге иштелип чыккан. Эскерте кетсек, аталган министрлик ишкерлер үчүн атайын беш нускама иштеп чыккан.

Бишкекте «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча Ишкерлерди тейлөө борбору (ИТБ) түзүлүп, ага ар кандай мамлекеттик жана коммерциялык кызматтардын адистери топтолгон.

“Кыргызстандын борборунда бизнесин каттаган ишкерлер статусуна жана жарандыгына карабастан ИТБга кайрыла алышат. Борбор шаардын каалаган райондук салык органында катталган жери бар ишкерлерди тейлейт. Ишкерлер консультацияларды жана мамлекеттик кызматтарды тез жана толук алуу үчүн ИТБда бардык шарттар түзүлгөн. 13 мамлекеттик кызматына жана үч банктын кеңсесине баруунун ордуна, бардык маселелерди бир жерден чечүү мүмкүн”, – деп айтылат маалыматта.

Колдонмолор менен Экономика министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Транспорт жана коммуникациялар

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда 2025-жылдын төртүнчү кварталында мигранттардын 35%дан ашыгы орус тили боюнча экзаменди биринчи аракетинде тапшыра албагандыгын өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, октябрь–декабрь айларында Россиянын тарыхы жана мыйзамдардын негиздери боюнча экзаменди 201 миң 675 адам тапшырган. Алардын ичинен 87,9%ы экзаменден

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Жакынкы убакта Кыргызстанда тез төлөмдөр системасы ишке киргизилерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурган ишкердик жолугушууда Улуттук банк төрагасынын орун басары Медет Таиров билдирди. Анын айтымында, учурда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. "Тез төлөмдөр системасы ар кайсы банктардын кардарларынын эсептеринин ортосунда каражатты заматта которууга мүмкүнчүлүк берет.

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытай өкмөтү технологиялык компанияларга жана электрондук соода платформаларына агрессивдүү баа согуштарынан жана ашыкча субсидиялардан баш тартууну сунуштаганын чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты. Сөз рыноктогу ири оюнчулар тууралуу болууда, алардын катарында Alibaba Group (AliExpress платформасынын ээси жана Qwen аттуу ИИ-моделдин иштеп чыгуучусу), Baidu жана ыкчам соода кызматтары, анын ичинде Taobaoнун Flash