Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга бюджеттен 7 млрд сом каралды

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга бюджеттен 7 млрд сом каралды

Бюджеттен 1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга 7 млрд сомго жакын каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган.

Мамлекет тармагындагы кызматкерлерине төмөнкү категориялары кирет:

  • мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер
  • мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер
  • кенже техникалык тейлөө персоналы
  • күч түзүмүнүн жарандык жана эмгек келишими боюнча иштеген, кызматта турбаган жана наамы жок кызматчылар.

Бул чараны ишке ашыруу үчүн бюджетте эмгек акы фондусуна 7 млрд сомго жакын каражат каралган.

Эскерте кетсек, 1-апрелден тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, маданият, спорт кызматкерлеринин, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Транспорт жана коммуникациялар

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда 2025-жылдын төртүнчү кварталында мигранттардын 35%дан ашыгы орус тили боюнча экзаменди биринчи аракетинде тапшыра албагандыгын өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, октябрь–декабрь айларында Россиянын тарыхы жана мыйзамдардын негиздери боюнча экзаменди 201 миң 675 адам тапшырган. Алардын ичинен 87,9%ы экзаменден

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Жакынкы убакта Кыргызстанда тез төлөмдөр системасы ишке киргизилерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурган ишкердик жолугушууда Улуттук банк төрагасынын орун басары Медет Таиров билдирди. Анын айтымында, учурда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. "Тез төлөмдөр системасы ар кайсы банктардын кардарларынын эсептеринин ортосунда каражатты заматта которууга мүмкүнчүлүк берет.

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытай өкмөтү технологиялык компанияларга жана электрондук соода платформаларына агрессивдүү баа согуштарынан жана ашыкча субсидиялардан баш тартууну сунуштаганын чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты. Сөз рыноктогу ири оюнчулар тууралуу болууда, алардын катарында Alibaba Group (AliExpress платформасынын ээси жана Qwen аттуу ИИ-моделдин иштеп чыгуучусу), Baidu жана ыкчам соода кызматтары, анын ичинде Taobaoнун Flash