«Санариптик көчмөн» статусун кантип алууга болот жана ал кандай артыкчылыктарды берет?

«Санариптик көчмөн» статусун кантип алууга болот жана ал кандай артыкчылыктарды берет?

Министрлер кабинети «Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «Санариптик көчмөн»  (Digital nomad) статусун ыйгаруу жөнүндө» убактылуу жобону кабыл алган. Ага ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги ал статусту алуу тууралуу кенен жол-жобосун иштеп чыкты.

Анда Кыргызстанга көчүп келүүчү адистер үчүн эң ыңгайлуу режим каралган. Бул статус бир катар мамлекеттердин жарандарына Кыргызстандын аймагында жүргөн жери боюнча каттоосуз жана ишке орношууга уруксаты жок жүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетмекчи.

“Колдонмо потенциалдуу көчүп келүүчүлөрдү кызыктырган негизги суроолорго толук жоопторду камтыйт. «Санариптик көчмөн» (Digital nomad) статусунун ээси КРнын аймагында жашаган жери боюнча каттоодон өтүү милдетинен, иштөөгө уруксат алуу зарылчылыгынан бошотулат, автоматтык түрдө жеке идентификациялык номерди жана башка көптөгөн нерселерди алат. Колдонмодо бул статустун артыкчылыктарынын баары кеңири талкууланат”, – дейт министрлик.

«Санариптик көчмөн» статусун алуу тууралуу толук маалыматты аталган министрликтин расмий сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

Ашууларда кар жаап жатат: жолдор ачык, каттамдар үзгүлтүксүз

16-февраль, саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында кар жаап жатат. Учурда жолдор ачык, каттамдар өз убагында аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жети дубандагы Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды күнү-түнү көзөмөлдөп, кум-туз аралашмасын себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Транспорт жана коммуникациялар

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда мигранттардын 35%ы орус тили боюнча экзаменден өткөн эмес

Россияда 2025-жылдын төртүнчү кварталында мигранттардын 35%дан ашыгы орус тили боюнча экзаменди биринчи аракетинде тапшыра албагандыгын өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мониторингдин маалыматтарына ылайык, октябрь–декабрь айларында Россиянын тарыхы жана мыйзамдардын негиздери боюнча экзаменди 201 миң 675 адам тапшырган. Алардын ичинен 87,9%ы экзаменден

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Кыргызстанда ыкчам төлөм системасы киргизилет

Жакынкы убакта Кыргызстанда тез төлөмдөр системасы ишке киргизилерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурган ишкердик жолугушууда Улуттук банк төрагасынын орун басары Медет Таиров билдирди. Анын айтымында, учурда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. "Тез төлөмдөр системасы ар кайсы банктардын кардарларынын эсептеринин ортосунда каражатты заматта которууга мүмкүнчүлүк берет.

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытайда ЖИ-компанияларынан рационалдуу атаандаштык талап кылынды

Кытай өкмөтү технологиялык компанияларга жана электрондук соода платформаларына агрессивдүү баа согуштарынан жана ашыкча субсидиялардан баш тартууну сунуштаганын чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты. Сөз рыноктогу ири оюнчулар тууралуу болууда, алардын катарында Alibaba Group (AliExpress платформасынын ээси жана Qwen аттуу ИИ-моделдин иштеп чыгуучусу), Baidu жана ыкчам соода кызматтары, анын ичинде Taobaoнун Flash