Жумасына бир жолу Бишкек - Исламабад аба каттамы ачылды
«Манас» эл аралык аэропорту» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) Бишкек – Исламабад аба каттамы ачылганын кабарлады.
«МЭА» ААК 27-августтан тарта Бишкек – Исламабад – Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылганын билдирди.
Пакистандын борборуна каттамды жумасына бир жолу – ишемби күндөрү – ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы аткарат.
Белгилей кетсек, аталган багыт боюнча туруктуу аба каттамы биринчи жолу ачылып жатат.