Бүгүн Бажы органдарына салтанаттуу түрдө автоунаалар тапшырылды
Бүгүн, 16-сентябрда КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын аймагында бажы органдарга автоунааларды расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жана башкармалыктардын жетекчилери катышты.
“Жаңы унаалардын ачкычтары Түштүк-Батыш бажысына, Баткен бажысына, Оперативдүү бажысына жана Нарын бажысына тапшырылды.
Унаалар ишмердүүлүк жүргүзүүнүн татаал шарттарында алыскы аймактарда жайгашкан бажы органдарына өткөрүлүп берилди. Ар бир бөлүмгө экиден унаа бөлүндү. Кызматкерлердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштерди улантабыз. Өз кезегинде бажы органдары жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн иштеши керек”, – деди Бажы кызматынын төрагасы Исабеков.
Белгилей кетсек, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен КР МФ караштуу МБКнын ортосундагы макулдашуунун негизинде, «Операциялык потенциалды жогорулатуу жана КР менен Афганистан Ислам Республикасынын чек араларынын коопсуздугун башкарууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Япония элчилигинин колдоосу менен, 8 унаа (2-RENAULT DUSTER жана 6-LADA NIVA) МБКнын балансына өткөрүлүп берилген.




