Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев "Кыргызфильм" киностудиясынын имаратындагы жана ага чектеш аймактагы чарбалык корпустарда жүрүп жаткан оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Иштердин жүрүшү тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев маалымат беришти.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, учурда лифттер калыбына келтирилип, эмеректерди сатып алуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле режиссёрлордун, продюсерлердин, сүрөтчүлөрдүн жана гримёрлордун иш кабинеттеринде оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, кинозалда жана мини-кинопавильондо (эски имаратта) иштер уланууда. Ал жерде оорукана, мектеп, түрмө жайлары, совет доорундагы батирлер жана башка сахналык мейкиндиктердин декорациялары түзүлүп жатат.

Ошондой эле министр "Кыргызтасмасы" мекемесинин ишмердүүлүгүн текшерди.

Кароо жыйынтыгында Мирбек Мамбеталиев Кинематография департаментинин жана карамагындагы мекемелердин жетекчилигине оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аяктоону камсыз кылуу, каражаттарды максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле тармактын инфраструктурасын модернизациялоо жана ата мекендик кинематографияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин

Ишкер Media
Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты. Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Борбор

Ишкер Media
Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.

Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек

Ишкер Media