Баткен: жараат алгандардын саны 55ке жетти - каза болгон учурлар дагы бар

Баткен: жараат алгандардын саны 55ке жетти - каза болгон учурлар дагы бар

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 16-сентябры саат 18:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 55 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

Жалпы жабыркагандардын ичинен аялдар – 7, 5 жаш бала.

  • Баткен облустук бириккен ооруканасы – 23 жабырлануучу
  • ЖДПБ Лейлек – 22 жабырлануучу
  • ЖДПБ Кулунду – 3 жабырлануучу
  • Улуттук госпиталда – 3 жабырлануучу
  • Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

“Ошондой эле, 1 адам өлүмү катталганын маалымдайбыз, 15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумган. Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

MegaPay Элкарт-HUMO өз ара эквайринг долбооруна кошулду

Элкарт улуттук төлөм системасы менен HUMO өзбек төлөм системасынын ортосундагы өз ара эквайрингди ишке киргизүүнүн алкагында чек ара аркылуу төлөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул жаңы чечим MegaPay колдонуучулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ого бетер ыңгайлуу кылат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. “Элкарт” улуттук төлөм системасынын маалыматына

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Маданият министри "Кыргызфильм" киностудиясындагы оңдоо иштери менен таанышты

Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев "Кыргызфильм" киностудиясынын имаратындагы жана ага чектеш аймактагы чарбалык корпустарда жүрүп жаткан оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Иштердин жүрүшү тууралуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Максат Жумаев маалымат беришти. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, учурда

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүүчү орто мектепке чектеш жайгашкан 14 кабаттуу турак жай объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суерекулов билдирүүсүнө караганда, бул объектиде курулуш иштери буга чейин токтотулган. Бүгүнкү

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. ӨКМ маалыматына ылайык, кече издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми экинчи күнү 20 баш койдун тарпы табылган. Белгилей кетсек, 12-февралда Суусамырдагы