УКМК: чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча комиссиянын иши уланууда
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында КР жана ТР мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча күч блогунун бир катар өкүлдөрүн камтыган комиссиянын иши улантылып жатканын аталган мекемеден билдиришти.
“Жетишилген макулдашуулардан кийин атышуулардын интенсивдүүлүгү бир топ басаңдады. Учурда комиссиянын мүчөлөрү жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну уюштуруу жана кырдаалды мындан ары турукташтыруу иштерин алып барышууда”, – дейт УКМКнын маалымат кызматы.