Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзөт
Бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу өткөрүлгөн кезексиз жыйындан кийин ЖКнын төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар сыртка чыгып, чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүү үчүн парламент имаратына келгендер менен кайрадан жолугушканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү жумуштарды жүргүзүп жатканын айтып, парламент бардык керектүү чечимдерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Муну менен катар Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзөөрүн маалымдап, штабдын алкагында депутаттар тийиштүү жумуштарды алып барарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, ЖК парламенттин кезексиз жыйынын чакырган.